Коом

Эмир-Хан Ташиев словакиялык белгилүү футбол клубу менен келишим түздү

Кыргызстандын жаштар курама командасынын (U-20) капитаны Эмир-Хан Кыдыршаев Словакиянын «Тренчин» футбол кулубу менен келишим түздү. Бул тууралуу маалыматты аталган футбол клубу жарыялады.

Маалыматка караган, Эмир-Хан Кыдыршаев жаңы клуб менен бир жарым жылдык мөөнөткө келишим түзгөн.

Ал келишим түзөрдүн алдында бир нече жума команданын курамында сыноодон өткөн.

Жаш коргоочу «Барселона» «Леванте» «Перуджа Кальчо» сыяктуу футбол академияларынын жаштар курамасындагы ойноп, бир топ тажрыйба топтогон. Анын акыркы клубу испаниялык «Сант Кугат» болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button