Коом
Артист болом дейт. Чыпалак баатыр университетке окууга тапшырды

Айтылуу Чыпалак баатыр деген ат менен таанымал болгон Зарылбек Аликенов Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетине тапшырып жаткан сүрөтү менен кошо Фейсбук колдонуучусу Улукбек Омокеев жазып чыкты.
Ал: “Зарылбек Аликенов (Чыпалак баатыр) Б.Бейшеналиева атындагы КММИУга окууга тапшырып жатат. Күндүзгү окуу бөлүмүндө окуйм дейт. Сабактан калбайм деди”, — деп билдирди маалыматында.

Чыпалак баатырдын чоң окуу жайга тапшырып жатканын окугандар ага ийгилик каалап, пикир калтырышты.



