Коом

Кыргызстанда сөөктү өрттөөгө уруксат берилди. Эми крематорийлер салынат

Кыргызстандын шаарларында сөөктү кремация кылган мамлекеттик жайлар салынмакчы.

Бул тууралуу ЖК депутаты Марлен Маматалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө крематорийлердин иштеши боюнча берене «Сөөк коюу жана сөөк коюу иши жөнүндө» мыйзамга киргизилет.

«Кыргызстанда көз жумган адамдын сөөгүн кремация кылуу керек деген ойду кармангандар бар. Жаңы мыйзамда крематорийлердин курулушу каралган. Бирок алар сөөктү өрттөө үчүн гана эмес, кээ бир оорулардан жапа чегип өлгөн жаныбарлардын денелерин өрттөш үчүн да иштейт», — деди Маматалиев.

Ал президент кол койгон мыйзамга ылайык крематорийлер шаарларда гана курулат, бирок алардын так саны азырынча белгисиз.

«Жарым жылдын ичинде мыйзамга кошумча нормативдик-укуктук актылар киргизилмекчи. Бул мыйзамда крематорийлер мамлекеттин эсебинен салынары жазылган. Алар айылдарда эмес, шаарларда гана болот. Сөөктү кремациялоо процедурасы белгилүү бир текшерүүлөрдөн өтөт. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет менен Сөөк коюу бюросу көзөмөлдөмөкчү», — деди эл өкүлү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button