КоомОкуялар

Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн адамдар Испаниядан жана Болгариядан алынып келинди

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги соттон жана тергөөдөн качып кеткен адамдарды өз өлкөсүнө экстрадициялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында издөө жана кармоо боюнча иш-чараларды улантууда.
Испаниянын жана Болгариянын Интерполу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Тышкы иштер министрлиги, Түркиянын Юстиция министрлиги менен биргелешкен иш-чаралардын натыйжасында Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн эки жаран кармалып, экстрадицияланды.
2023-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Испаниядан мекенине 2001-жылы туулган Э.уулу А. алып келишкен. Ал ден-соолукка оор залал келтиргендиги үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн.
Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Болгариядан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан 2019-жылдан бери издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган И.Д. алынып келинген. Анын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн келтирилген зыян 19 миллион АКШ долларын түзөт.
Экөө тең Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button