Окуялар
Кара-Сууда уктап жаткан беш жашар кызды уурдап кетип, зордуктоого шектелген киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Үрөй учурган окуя ушул жылдын апрель айында болгон. Анда 31 жаштагы киши уктап жаткан кызды машинасына салып талаага алып кетип калган. Ата-энеси эртең менен кызын таппай калышкан.
Наристе талаада токтоп турган машинанын ичинен табылган. Адам уурдоого жана сексуалдык зомбулукка шектелип 31 жаштагы киши кармалган.
Райондук сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 3 беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.


