Окуялар

Кадамжайда мас айдоочулар милиция кызматкерлерине кол салды

2025-жылдын 27-июн күнү кечки саат 19:30 чамасында Кадамжай шаарында ички иштер органдарынын эки кызматкери улук лейтенант У.Д. жана старшина М.А. өз милдетин аткарып жүргөндө, күтүүсүз жагымсыз окуяга туш болушту.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлгөн көзөмөл маалында алар мас абалда автоунаа башкарып бара жаткан 34 жаштагы М. уулу Б.ни токтотушкан. Унаанын ичинде анын айылдаштары 37 жаштагы А.Ж. жана 30 жаштагы Б. уулу Р. да болгон. Тескөөчүлөрдүн мыйзамдуу талаптарына карабастан, бул үч жаран орой мамиле жасап, каршылык көрсөтүшүп, натыйжада кызматкерлерге кол көтөрүшкөн.
Окуя болгон жерге дароо Кадамжай РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, зарыл болгон тергөө иш-аракеттерин жүргүздү. Шектүүлөрдүн үчөө тең кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Медициналык кароонун негизинде алардын спирт ичкени да далилденди.
Жабыркаган кызматкерлер соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, учурда алардын жаракат даражасы аныкталууда. Ошол эле учурда, окуянын бардык жагдайларын толук иликтөө үчүн кошумча күбөлөр суралууда жана тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button