Лейлекте чек арачы жоокер «УАЗ-Пикап» унаасынын кузовунан кулап кеткен

Ак-Суу — Раззаков жолунда 4-апрелде Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкери катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 08:30 чамасында катардагы жоокер Н.Д.Н. (2004-жылы туулган, 2025-жылдын күзгү чакырылышы) кызматтык «УАЗ-Пикап» унаасынын кузовунан кулап кеткен. Тоолуу жолдун татаал бөлүгүндөгү катуу силкинүү анын кулашына себеп болуп, жоокер эсин жоготкон.
Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы келип, алгачкы медициналык жардам көрсөткөндөн кийин жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ошол эле күнү Ош шаарынан келген адистештирилген дарыгерлер тобу шашылыш операция жасашкан.
Чек арачынын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча бейтапты толук турукташмайынча Бишкекке алып барууга болбойт. Дарылоону улантуу үчүн райондук ооруканага тажрыйбалуу нейрохирург келип, медициналык кызматтын суткалык нөөмөтү уюштурулган.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн кызматтык иликтөөнү жетектеген ыкчам топту түздү. Мекеменин жетекчилиги кырдаалды көзөмөлгө алды.


