Коом

Коомдук транспорттун кыймылын көзөмөлдөө 5 шаарда жеткиликтүү болду

Санариптик технологиялар борбору Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинин функционалдык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, учурда коомдук транспорттун кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө функциясы Ош, Кант, Манас, Талас жана Токмок шаарларында жеткиликтүү болду. Бул кызмат шаар тургундарына жана конокторуна маршруттар жана коомдук транспорттун жүрүшү тууралуу актуалдуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берип, жол жүрүүнү ыңгайлуу пландаштырууга шарт түзөт.

Алдыда “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси этап-этабы менен бардык аймактарда жеткиликтүү болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button