Саясат
Россия Кыргызстан менен бардык чөйрөнү камтыган ар тараптуу мамилелерди баалайт

Бул тууралуу Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин Садыр Жапаров менен жолугуп жатып айтты.
Ал ортодогу союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген достук мамилелерди мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстан салттуу түрдө Россия менен соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерине токтолду.
Ал Россиянын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында Кыргызстан россия тараптын демилгелерин ар тараптуу колдоого даяр экенин кошумчалады.



