Коом
Бишкек мэриясынын кызматкерлери эми шейшемби, бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен гана жүрөт

Калаа башчынын бул буйругу муниципалдык кызматтардын өкүлдөрүнө да тиешелүү. Эми алар көрсөтүлгөн күндөрү коомдук транспортко түшүп, салондун тазалыгына жана жүргүнчүлөрдү тейлөөгө көз салышы керек.
Мындай чара жол тыгынды азайтуу, автобус, маршруткаларда көзөмөлдү күчөтүү максатында кабыл алынган. Кошумча маалыматты мэрия кийинчерээк берерин билдирди.



