Владимир Путин Украинадагы кырдаалга аралашкан өлкөлөрдү сокку күтөт деп эскертти

Россиянын президенти Владимир Путин эгер Украинадагы кырдаалга үчүнчү өлкөлөр кийлигишсе, ал өлкөнү чагылгандай тез сокку күитүп турганын айтты. Бул тууралуу Путин Санкт-Петербургда жасаган билдирүүсүндө айтканын чет элдик басылмалар жазды.
«Дагы бир жолу баса белгилегим келет, эгерде кимдир бирөө болуп жаткан окуяларга сырттан кийлигишүүнү көздөп, Россия үчүн кабыл алынгыс стратегиялык коркунучтарды жаратса, аларга биздин жооп чагылгандай тез сокку болот. Бул үчүн бизде бардык каражаттар бар. Биз мактанбайбыз. Керек болсо колдонобуз. Бул тууралуу бардыгы билишин каалайм — бул маселе боюнча биз бардык чечимдерди кабыл алдык!», — деген Путин.
Ошондой эле Путин Россиянын Донбасста жана Украинадагы атайын аскердик операциясы бардык эч кандай шартсыз аткарыларын баса белгилеген.



