Коом

Аялын мыкаачылык менен өлтүргөн адам 11 жылга эркинен ажыратылды, төрт баласы энесиз калды

Аялын мыкаачылык менен өлтүргөн Сокулук районунун тургуну 11 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Сокулук райондук соту чыгарды.

Кырсык ушул жылдын февраль айында болгон. Жаңы-Жер айылынын тургуну 36 жаштагы аялына 8 жолу бычак сайган. Ал окуя болгон жерден каза болгон. Төрт бала энесиз калды.

Сот соттолуучу Ж.Н.ны адам өлтүрүү беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыратты.

Тектеш кабарлар

Back to top button