Коом

Кыргызстанда 100 миңдей киши иш издеп жатат. Статистика

2022-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда жумуш издегендердин саны 99,3 миңге жетти. Бул туурауу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине шилтеме берип Улуттук статистика комитети билдирди.

«Жыл башында өлкө боюнча ишсиз катары расмий каттоого туруп, жумуш издегендердин саны 99 миңден ашты. Бул былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 0,6 пайызга көп», — деп айтылат билдирүүдө.

Иштеген иши жоктордун басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (21,7 миң киши), Ош (19,4 миң) жана Баткен облустарында (дээрлик 10 миң) жашайт. Калган аймактарда жумушу жок адамдардын саны 7 миңден төмөн.

Маалыматка караганда, өлкөдө бул топко кирген жарандардын 45,2 пайызы аялдар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button