Окуялар

УКМК: Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын жер боюнча адиси пара менен кармалды

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу)  туралуу Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Д.га жана жер адиси К.А.га жер участокторун мыйзамсыз берүү жана сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон, 2023-жылдын 16-февралында 50 миң сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда жер адиси «К.А.» пара менен кармалды.

Кармалган К.А., жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин бергендиги үчүн мурда 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button