Коом

Ысык-Көл ОИИБде Мамлекеттик Туу күнүн белгилешти

Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнүн 31 жылдык салтанатына арналган иш чара болуп өттү.
Мекемедеги салтанат, областтык милициянын борбордук аппаратынын өздүк курамынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Гимндин коштоосунда Мамлекеттик Тууну көтөрүүдөн башталды.
Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Орунбай Кочкоров өзүнүн сөзүндө, Кыргызстандын Мамлекеттик Туусу – биздин улутубуздун сыймыгы болорун белгиледи. «Мындан туура 31 жыл мурун алгач бийик көтөрүлгөн Мамлекеттик Туубуз, ар бир атуулубуздун жүрөгүндө жоопкерчиликти, патриоттуулукту, Мекенге болгон сүйүү сезимин ойготот. Бүгүнкү иш-чарабыз өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенчилдикке, кыргыз элинин мамлекеттик символикаларын жана руханий баалуулуктарын урматтоо духунда тарбиялоо жагынан чоң мааниге ээ», — деп белгиледи ал.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун тарыхы, мамлекетибиздин мамлекеттик символдорунун мааниси жана маңызы тууралуу кыскача маалымат берилип кетти. Салтанат областтык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.
Белгилеп кетсек, мамлекетибиздин символдорунун бири – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу 1992-жылдын 3-мартында бекитилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button