Ильич Кулназаров: “Мадумаров сыяктуулар көлчүктөгү сууну чалгандай эле бузукуланып жатышат”

Белгилүү журналист Ильич Кулназаров Дубайда Кыргызстандын мурдагы президенттеринин жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди.
“Эмне деген элбиз түшүнбөйм, кандай демилге болбосун аны ары тартып, бери бурмалап иши кылып эле чаңдата бермей каныбызда бар. Айрыкча блогер болмуштар ар тармакка эксперт. Экономист, саясатчы, айыл чарба, иши кылып баарын билет. Орусча айтканда «каждый суслик огроном» да. Ошолорго табылбай эле калды. Аларга айрым саясатчылар дагы кошулуп алып, “эмнеге Бишкекте чогулткан жок?”-деп жумурткадан кыр издеп Кудай берип эле салды. Эми мындай да, жөнөкөй эле логика менен айтканда Садыр Жапаров мыйзамдарды, соттун чечимдерин сыйлаган үчүн Бишкекте чогулткан жок да. Бишкекке чогултса Бакиев камалыш керек эле. Анткени соттун чечими бар. Чакырып алып камабай койсо соттун чечимин тебелеген болот. Ошону билип туруп эле Мадумаров акам баш болуп улам талкуулап, көлчүктөгү сууну чалгандай эле чалып жатышаттар. Эмне кереги бар эми ушундай бузукулуктун?!
Кечээ Эльвира Жыргалбековна айткандай, саясатчылар элге жаккан нерсени көтөрүп алып эле саясат кыла беришет да…” – деп жазды.



