
Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ымыркайлар 2022-жылдын 31-майында төрөлгөн. Кыздардын атын Фотима жана Зухра деп коюшкан.
Июнь айында ата-энеси өзбекстандык дарыгерлерге кайрылышкан. Адистер операцияга бир нече ай даярданышты.
Учурда балдардын абалы туруктуу деп бааланып жатат. Жакында ооруканадан чыгат.
Операцияга катышкан адистерге Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги сыйлык тапшырды.
@user2





