Коом

Камчыбек Ташиев Токтогулда жаңы стадиондун ачылышына катышты

14-сентябрда Токтогул шаарында толук реконструкцияланган Эргеш Ормонов атындагы заманбап стадион салтанаттуу ачылды. Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышып, стадиондун ачылышын «Токтогул» – «Базар-Коргон» беттеши улантты.

Ташиев белгилегендей, бул арена жаштардын спортко кызыгуусун арттырып, улуттук биримдикти жана достукту бекемдөөгө кызмат кылат.

Стадион жөнүндө кыскача:

• Жалпы аянты — 2 гектар

•  Трибуналар — 3 450 орун

•  VAR-системасы, медиа жана VIP-бөлмөлөр менен жабдылган

• Жасалма чөп жана кечки жарык берүүчү заманбап система орнотулган

Бул арена 1980-жылы курулган эски стадиондун ордуна салынып, 2024-жылдын май айындагы Ташиев менен Жапаровдун демилгеси аркылуу кыска убакытта толугу менен жаңыланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button