Сокулукта балдар мушташып 9-класстын окуучусунун өлүмү менен аяктады

Өспүрүмдүн өлүмүнө 16 жаштагы бала шектелүүдө.
Чүй облустук милиция билдиргендей, 5-сентябрда Сокулуктун милициясына 15 жаштагы окуучунун өлүмү тууралуу маалымат түшкөн. Факт электрондук журналга катталып, текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук райондук милицияга көз жумган баланын классташтары сурак беришкен.
Анда 5-сентябрь күнү Комсомол айылында 9-класстын окуучуларын 16 жаштагы бала чогултуп, Э.А. аттуу баланы ичке чапкан. Ал окуучу өзүн жаман сезип, көз жумганы белгилүү болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча иши козголуп, кылмышка шектелип 16 жаштагы бала кармалган.
Тергөөдө кылмыш иши 130-беренеге («Ден соолукка оор залал келтирүү») өзгөртүлүп, 2 айга камакка алынган. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланып жатат.



