Саясат

«Бул саясий таштанды». Депутат Токторбаев кесиптеши Мадумаровду сындады

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев кесиптеши Адахан Мадумаровду «саясий таштанды» деп атады.

Бүгүнкү жыйында депутаттар Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Эмил Токтошев массалык камоолор боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угууну сунуштады. Ал эми Мадумаров бул маселени биринчи кезекте кароо керектигин айтты.

Ошол эле учурда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Сүйүн Абдылдаев кечээ комитетке ИИМ менен Башкы прокуратурадан келишкенин билдирди. Бирок алар тергөө бүтмөйүн эч нерсе айта албай жатканын, андыктан чакыруунун зарылдыгы жоктугун белгиледи.

Токторбаев Мадумаров ушул жерден дагы өзүн пиарлап жатат деп сындады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button