Коом

Шашылыш билдирүү! Абы-ырайы кескин төмөндөп, жамгыр, мөндүр, кар жаайт

26-июндан 28-июнга чейин өлкөдө жаан жаап, туруксуз аба ырайы күтүлүп, ал сел жүрүү коркунучуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 26-июнь күндүз жана 27-28-июндарда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарга кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерге мөндүр да жаай турганы божомолдонду.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

«Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат», — деп айтылат маалыматта.

Дээрлик бардык жерлерде абанын температурасы да кескин төмөндөй турганы айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button