Коом
Медиктерге кол көтөргөндөрдү 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды

Мыйзам долбоорун 5 депутат демилгелеген. Алардын бири Жанар Акаев 2023-жылы эле ар кандай себеп менен 2125 врач жумушун тапшырып бергенин айтты.
“Дарыгерлерибизди карабай таштап салдык, чүнчүп кетти. Баарыбыз биригип медиктерди коргойлу. Элде дарыгерлерди ур-токмокко алса болот экен деген түшүнүк пайда боло баштады. Ушундай темп менен кете берсе бүбү-башкыларга күнүбүз түшөт”, — деди депутат.
Авторлор ак халатчандарды коркутуп-үркүтсө 20-50 миң айып салып, 2 жылга чейин эркинен ажыратууну көздөп жатат. Эгер өмүрүнө коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөтсө 50-100 миң сом айыпка жыгып, 5 жылга камоо каралган.



