Коом

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды

Кыргызстанда бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды. Алардын катарына блокадада калган адамдар жана концлагерлердин туткундары да кирет. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Алардын ичинен 8 ардагер түздөн-түз согушка катышкан.

Аймактар боюнча бөлүштүрүү:

Бишкек — 4;
Чүй облусунун Жайыл району — 2;
Нарын облусунун Ат-Башы району — 1;
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району — 1.

Мындан тышкары, өлкөдө концлагерлердин 6 жашы жете элек туткундары жашайт: алардын 4ү Бишкекте, бирден Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында.

Ошондой эле Ленинград блокадасынын 10 ардагери бар: алардын 8и Бишкекте, бирден Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында жашайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button