Коом

Сүйүнбек Касмамбетов: Бир туунун астына биригип, ынтымакта жашашыбыз керек

«Биз бир туунун астына биригип, ынтымакта жашашыбыз керек”, — деди бүгүн Ала-Тоо аянтында жаңыланган тууну салтанаттуу көтөрүү аземинде мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

“Бүгүн Жогорку Кеңеште үч окууда кабыл алынган тууну көтөрүүдөбүз. Биз эми өзгөртүлгөн, толукталган туубуздун астында биригип, ынтымакта жашашыбыз керек. Биздин өлкө укуктук өлкө, мыйзам күчүнө кирген, жаңы саясий маданият күчөгөн өлкө. Ошондуктан мыйзамга баш ийишибиз керек”, — деди ал.

Анын айтымында, желек айланасындагы талкууларды токтото турчу убак келди.

“Желекке өзгөртүүлөр, толуктоолор жаңы тилек, жаңы үмүт менен киргизилди”, — деди Касмамбетов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button