Коом
Ташиев Кыргызстанда коррупциялык иштер боюнча бюджетке ким канча акча кайтарганын айтты

▪️2021-жылы ЖКнын мурдагы депутаты Кубанычбек Жумалиев мамлекеттин бюджетине 1 млрд 11 млн 976 миң сомду акчалай жана мүлк иретинде төлөгөн. Бул сумманын 45 млн сомун накталай төлөсө, 955 млн сомго бааланган Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводун мамлекетке өткөрүп берген
▪️2022-жылы Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков бюджетке 51 млн 276 миң сомду накталай төктү
▪️Экс-депутат, мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге таандык Баткен базары (551 млн 990 миң сом) мамлекеттин балансына өттү
▪️ЖКнын мурдагы депутаты Нурлан Макеевдин Кеминдеги 4 млрд сомдук жерлери мамлекетке кайтарылды
▪️Салык комитетинин төрагасынын орун басары Адилет Думанаев 1 млн 267 миң долларын кайтарды
@abal-kg



