КоомСаясат

Улан Майлибашев Кант шаарынын мэри болуп дайындалды

Улан Майлибашев Кант шаарынын мэри болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 47-беренесине, президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Майлибашев Улан Бекболотович Чүй облусунун Кант шаарынын мэри болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button