Маданият
Кыргызстандык ырчы Азат Раимбердиев Россиянын «Ну-ка, все вместе!» музыкалык долбоорунда экинчи орунду ээледи

Биринчи орунду душанбелик Фаррух Хасанов, үчүнчүнү москвалык Софико Кардава жеңип алды.
“Ар бир этапта эмоциянын деңгээли жогорулап жатып, финалда туу чокусуна жетти. Эмоция жагынан процесс сонун болду! Жашоонун даамын таттым. Долбоор өзүмө болгон ишеним менен баа жеткис тажрыйба берди”, — деди ырчы.
Долбоордо 64 ырчы 100 калыстын сынынан өттү.



