УКМК: Курулуп жаткан батирлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз саткан аял кармалды

КР УКМК, 2023-жылдын 11-майында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу жана айыл жеринде өз алдынча курулуш куруу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ысык-Көл облусунун 1981-жылы туулган Т.А.А аттуу жараны кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Такталгандай, 2022-жылдын 19-мартында белгисиз адамдардын тобу өзүм билемдик менен Бишкек шаарындагы Сүйөркулов көч. 16/1 дареги боюнча жайгашкан «Нур-Жаннат ЛТД» ЖЧКсына таандык имаратты басып алган.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, кармалган А.Т. курулуп жаткан объектте батирлерди сатууга мыйзамдуу укугу жок, жарандарды алдоо жана ишенимин пайдалануу жолу менен материалдык же башка материалдык пайда алуу максатында жалпы суммасы 300 миллион сомдон ашык курулуп жаткан имараттагы батирлерди сатып жибергендиги аныкталды.
Азыркы учурда, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, жана башка ушул сыяктуу фактылар аныкталууда,- деп айтылат УКМКнын Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.



