Ошто синтетикалык баңгизат саткан студент кыздар кармалды

ИИМдин БМЖКККна 20 жаштан 22 жашка чейинки азият улутундагы жаш кыздардын тобу Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында узак убакыттан бери баңгизат сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Ош ш. ЖОЖдун биринин эки студенттери 2004-жылы туулган Ж.А.К. жана Ж.А.А. аттуу жарандар андан ары таңгактоо менен сатуу максатында синтетикалык баңгизаттын ири партиясын алып жаткан жеринен кармашкан.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат синтетикалык баңгизат “Альфа ПВП” болуп саналат. Эксперттик баа көрсөткөндөй, баңгизаттарды саткан учурда жалпы 600 миң сомду түзмөк.
Кармалгандар бир жылдан ашык убакыттан бери баңгизаттарын чакан зип-баштыктарына салып, андан кийин өз аракеттерин координациялоо үчүн “Телеграмм” каналдын жармамы менен каткан жерлерди көрсөтүп, бир миллион сомго чейинки криптовалюта менен ири акча операцияларын жүргүзүшкөнү аныкталды.
Кармалган жарандар КР ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Ош шаарынын ИИБнын УКЖна киргизилген. Учурда бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын тергөө иштери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



