Окуялар

Жалал-Абаддагы аттракциондон кулаган 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, «Жеңиш» эс алуу багындагы аттракционго Сузак районунун 1997 жана 2004-жылы туулган тургундары ойногону чыккан учурда отургуч сынып кетип, жыгылып түшүшкөнүн, алар ооруканага жеткирилгенин билдиришкен эле.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди. Ал эми 25 жаштагы жигиттин колу-буту сынган. Анын абалы жакшы.

Эскерте кетсек, окуя 16-апрель күнү саат 23:55 чамасында болгон. Жалал-Абад шаарынын «Жеңиш» эс алуу багындагы аттракционго Сузак районунун 1997 жана 2004-жылы туулган тургундар ойногону чыгышкан учурда отургуч сынып кетип, жыгылып түшүшкөн. Кырсыктын кесепетинен алар денелеринен жараат алышып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган. Бул окуя Жалал-Абад ШИИБге “кокустук” болуп катталып, териштирүү иштери жүрүп жатканы кабарланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button