Коом

Ош шаарынын милиция кызматкерлери үйсүз адамга жардам беришти — ВИДЕО

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери көчмө кабылдамада кызмат өтөп жатышып,  автобекетте уктап калган белгилүү жашаган жери жок адамга кам көрүштү.

Тоңуп жаткан жаранды байкаган милиция кызматкерлери, ага жылынып алынышы үчүн дароо ысык чай сунушташкан. Биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин, адамдын абалы турукташканда, аны жергиликтүү мэрия тарабынан уюштурулган атайын түнөт жайына жеткиришкен.

Атайын жай жылуу бөлмөдөн туруп, ысык тамак уюштурулган, ошондой эле зарыл болгон медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай көрүлгөн чаралар, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурган кыш мезгилинде өзгөчө маанилүү.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Нурбек Оторовдун айтымында, милициянын көчмө кабылдамалары жарандардын кайрылууларына тез чара көрүү жана калкты сапаттуу тейлөө үчүн түзүлгөн. Милиционерлер арыздарды жана даттанууларды гана кабыл албастан, консультация беришет, жарандардын укуктарын маалымдашат, чыр-чатактарды чечүүгө жардам беришет.

Жергиликтүү жогорку окуу жайларында окуган чет элдик студенттерге өзгөчө көңүл бурулат. Алар көбүнчө адаптация, тил тоскоолдуктары жана аймакты билбөө менен кещигишет. Ошол учурда милиция кызматкерлери чет элдик студенттерге, алардын маселелерин чечүүгө жардам беришет, ошондой эле тез арада кийлигишүүнү талап кылган кырдаалдарда колдоо көрсөтүшөт.

Милициянын көчмө кабылдамалары эл көп жүргөн жерлерде, окуу жайлардын жанында, борбордук аянттарда жана калк жыш жайгашкан райондордо иштейт. Бул жарандарга  максималдуу жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button