Коом

Ноокатта таңгакталган 280 даана ок табылды

Ош облусунун Ноокат районунун аймагында 16-18-февралына чейин «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн.
Жарандардын курал-жарактарын текшерүү учурунда үйлөрүнөн мыйзамсыз сакталган жана сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 11 курал-жарактар алынды.
Андан сырткары 21 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, аларга карата салынган айып пулдун суммасы 63000 (алтымыш үч миң ) сомду түздү.
Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө 7 жаран ок атуучу куралдарын өз ыктыяры менен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырды.
Мындан сырткары 1 ок атуучу курал сактоо эрежелери бузулгандыгы боюнча алынды, 1 жарандан каза болгондугуна байланыштуу куралы алынган, 3 жаран эч кандай документи жок болгондугуна байланыштуу өз ыктыяры менен тапшырган, 2 газ-травматикалык ок атуучу курал алынган. Ошондой эле Ноокат шаарынын Т.К. аттуу тургунунан 280 даана ок жана 200дөн ашуун гильзалар алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button