Саясат

Шайназаров: Талапкерлерден 147 млн сомдон ашуун каражат казынага түштү

Талапкерлерден 147 миң сомдон ашуун каражат казынага түштү. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Анын маалыматында, 10-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы 467 талапкерди каттаган. Бирок алардын ичинен 7 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

“Шайлоого катышуу үчүн ар бир талапкер 300 миң сом күрөө төлөшү керек болчу. Анын натыйжасында бюджетке жалпы 147 миллион сом түшкөн”,-деди ал.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып, жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Тектеш кабарлар

Back to top button