Коом

17-октябрда күтүлгөн аба ырайы

17-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан аралаш кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Республиканын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, айрым аймактарында −2 суук болуп үшүк жүрөт, күндүз +4…+9

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −3…+2, күндүз +5…+10

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1…+4, күндүз +4…+9

Нарын жергесинде түнкүсүн −4…+1, күндүз +3…+8

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, карга айланышы мүмкүн, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 7…9° жылуу болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button