Коом
Камчыбек Ташиев: «Акча менен бийлик мыйзамдардан жогору турбашы керек»
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактардагы баракчасына өлкөнүн мыйзамынын маанилүүлүгү тууралуу билдирүү жарыялады.
«Акча менен бийлик мамлекеттин мыйзамдарынан жогору турбашы керек!» — деп жазган орус тилинде. Бирок ал билдирүү кимге багытталганын көрсөткөн жок.
Социалдык тармактын колдонуучулары бул сөз айкашын Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун жаш жигитти сабашы боюнча жазылган болушу мүмкүн деп божомолдошууда.



