Мыкты көрсөткүч. Кыргызстан беш айда 22,5 тонна күмүш саткан

Кыргызстан январь-май айларында 22 тонна 479,1 килограмм күмүш экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Жалпы наркы 17,7 миллион долларды түзүп, бул 2018-жылдан берки рекорддук көрсөткүч катары катталды. 2023-жылдын ушул мезгилине карата өлкөдөн 312,9 килограмм күмүш экспорттолгон.
Сатып алуучу өлкөлөр:1.Индия — 21 тонна 733,2 килограмм (апрелде сатылган);2.Гонконг (КЭРдин өзгөчө административдик аймагы) — 587 килограмм;3.Швейцария — 158,9 килограмм.
Мындан тышкары, беш айдагы экспорттун көлөмү буга чейинки жылдык көрсөткүчтөрдөн ашып кетти:1.2023 — 724,3 килограмм;2.2022 — 707 килограмм;3.2021 — 3 тонна 838,6 килограмм;4.2020 — 12 тонна 120,2 килограмм;5.2019 — 8 тонна 344,9 килограмм;6.2018 — 8 тонна 462,5 килограмм.



