Коом
Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугунан бошотулду

Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ал аталган кызматты 2020-жылдын октябрь айынан бери аркалап келди.
Абдырахман Маматалиев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты жана күч блогун жөндөгөн вице-премьер болуп да иштеген.



