Коом

Педофилдердин жазасы жеңилдетилбейт! Атайын мыйзам иштелип чыгып, комитетте колдоо тапты

Депутат Марлен Маматалев бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде педофилдердин жазасын жеңилдетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун добуш берүүгө койду.

“Статистиканы карасак, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш жасалса, анын 500гө жакыны, тилекке каршы, анын 293ү жыныстык эркиндикке каршы, 153ү үй-бүлө мамиле салтына жана жашы жете электердин кызыкчылыгына каршы болгон экен. Мыйзамды өзгөртүп жаткан себебибиз – кылмышкерлер мунапыска да, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти дегенге да кирип калат экен, психикалык жактан оорулуумун деп жоопкерчиликтен качып кете алат экен”, — деди ал.

Анын айтымында, эгер бул мыйзам ишке кирсе, педофилдер мунапыс ала албайт, аларга кылмыштын мөөнөтү деген аныктама колдонулбайт. Мыйзам долбоор комитетте бир добуштан кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button