УКМК: Ала-Букадагы дүкөндү өрттөөнү уюштурган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК жана Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында, 2011-жылдан бери КР ИИМдин каттосунда турган, мурда Ала-Бука районунун «положенци» статусун ээлеп келген жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, Ала-Бука районунун А.А.Н. аттуу тургуну ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө кармалды.
Такталгандай, аталган А.А.Н. 2025-жылдын 11-январынан тартып Россия Федерациясынын аймагында болуп, шериктери аркылуу Ала-Бука районунун Өрүктү айылында жайгашкан «Мурас» жана «Мурас 2» азык-түлүк жана курулуш дүкөндөрүн өрттөтүп жиберген. Кылмышты жасоого себеп бул А.А.Н. жана дүкөндөрдүн ээси Б.З.Т. жеке кастык мамилелери негиз болуп, өч алуу максаты болгон. Окуянын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү болжол менен 43 миллион сомду түзгөн.
Буга чейин бул фактыга байланыштуу бул өрттү уюштурган Ош облусунун тургундары жана «З.А.Т.», «К.А.Т.», «Н.у.У.» аттуу жарандары жана ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турган жана ортомчунун ролун аткарып жүргөн, Ала-Бука районунун жашоочусу А.Н.З. кармалган.
Азыркы учурда кармалган адамдар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.





