Коом

Маданият тармагына 72 автоунаа берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине 72 автоунаа тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Касымалиев быйыл маданият тармагына 3 миллиард сом каралганын белгилеген.

«Маданият тармагынын жаңы унаалуу болушу – чоң кубаныч. Айрыкча алыскы райондордун маданият кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу транспорттун жеткиликтүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. Жаңы автобустар китептерди, жабдууларды, адистерди өз убагында жеткирүүгө, көчмө концерттерди, көргөзмөлөрдү уюштурууга, маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүдө кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзөт деп ишенебиз», — деди минкаб төрагасы.

Алынган транспорттордун 15и чоң, 57си кичи автобус экени айтылып, 359 миллион сомго сатып алынганы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button