Коом

АКШда Египет, Кения, Голландия жана Кыргызстан диний лидерлеринин конференциясы өттү

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаровдун Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов, Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиевдин катышуусунда АКШдагы Цивилизациялар аралык алмашуу жана кызматташтык коомдук фондунун президенти Мухаммад Башар Арафат менен Вашингтон шаарында жолугушту.

Жолугушууда Египет, Кения, Голландия ж.б. мамлекеттердин диний лидерлери менен видеоконференция болуп өттү.

Онлайн жолугушууда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу, диний билим берүүдө келип чыккан көйгөйлөр, диний кызматкерлердин сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти, — деп айтылат ДИМКнын басма сөз кызматынын маалыматында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button