Кадамжайда беш жаштагы бала селге агып көз жумду

24-июнда кечке жуук Баткен облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Селден Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндөгү Жеңиш айылынын беш жаштагы тургуну каза болду.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү 25-июнда маалымдагандай, беш жаштагы Саидазим Илхамовдун сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 23:45тер чамасында табышкан.
Селден Исхак-Полотхан айылынын 70 жаштагы тургуну да жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Абалы орто оор деп бааланууда. Сел кирген үйдөн жашы жете элек үч бала жана эки киши аман-эсен куткарылган, учурда алардын абалы туруктуу.
24-июнь күнү саат 17:00 чамасында Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна сел өткөрүүчү сайынан сел түшүп, темир бетон шакекче менен курулган беш көпүрөнү бузуп кеткен.
Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак-Полотхан айыл аймактарында да сел келип, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жертөлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукана жана балдар бакчасынын, Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин короосуна сел суулары кирген.
Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында жүргөн сел баштапкы маалыматтар боюнча 47 үйдүн ичине, 113 үйдүн тамаркасына, беш социалдык мекемеге, кичи футбол аянтчасына кирип, 17 ички чарбалык жолго, 2,7 чакырым коргон тосмого, бир көпүрө, 12 чарбалык курулуш, эки суу кампага, бир трансформаторго зыянын тийгизген.



