Спорт

Кыргызстандык балбан Роман Ким Азия чемпионатында коло алды

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Роман Ким Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду.

Спорттук күрөш боюнча континенталдык биринчилик Астанада өтүп жатат.

Ким оор салмактагылар (130 килограмм) арасында үч беттеш өткөрдү. Биринчисинде 8:0 эсебинде япониялык каршылашын жеңип алса, экинчисинде ирандык спортчуга жеңилип калды (0:9). Коло медаль үчүн кармашта Роман өзбекстандык Темурбек Насимовду 10:1 эсеби менен утуп алган. Кыргызстандыкты уткан ирандык спортчу биринчи орунду алды.

Эске салсак, кечээ Акжол Махмудов үчүнчү ирет грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button