Коом

Ысык-Ата РИИБдин башчысынын мурдагы орун басары менен тергөөчү киши өлтүрүү фактысы боюнча кармалды

Ысык-Ата РИИБдин тергөө иштери боюнча жетекчисинин мурдагы орун басары жана тергөөчү киши өлтүрүү фактысы боюнча кармалышты. Аталган фактыны  Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБде киши өлтүрүү фактысы бир нече жыл мурун катталып, милиция кызматкерлерлери шектүү делген адам менен өзүн-өзү өлтүрүү болгон деп макулдашып алышканы айтылган. Тергөөчүлөр сөөккө экспертиза жүргүзүшкөндө, маркум киши колдуу болгондугу аныкталган.

«Окуяга шектелип Ысык-Ата РИИБдин тергөө боюнча башчысынын мурдагы орун басары менен тергөөчүсү кармалды. Буга чейин сөөкө экспертиза жүргүзгөн эксперт да кармалган», — деп билдирет басма сөз кызматы.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button