Коом

УКМКнын генерал майору Замир Сабаев мезгилсиз дүйнө салды

2024-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын  Улуттук коопсуздук органдарынын генерал-майору З.Ш.Сабаев 55 жашында мезгилсиз дүйнө салды.

Замир Шекенович Мамлекеттик комитеттин органдарында катардагы кызматкерден эмгек жолун баштап, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 9-Башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары – жетекчилик кызматына чейин  жетип кызмат өтөгөн.

Биз аны мамлекет башчыларынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы кесипкөй адис жана ишенимдүү жолдош, Мекенибиздин патриоту катары билчүбүз.

З.Ш.Сабаевдин эмгеги жогорку мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен татыктуу бааланган.

Кесиптеш жолдошубуздун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына кайгырып, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз.

УКМКнын генералдарынын жана ардагерлеринин клубу — Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана жолдоштору.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button