Окуялар

Чүйдө жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, турак үйдү сүзгөн

Кечээ, 28-ноябрда Бишкек – Ош унаа жолунун 77-чакырымында КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, турак үйдү сүзгөн. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен унаанын 40 жаштагы Х.А.В. аттуу айдоочусу жабыркап, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button