Коом

Патрулдук унаанын үстүнө отуруп, жосунсуз жорук кылган жигит изделүүдө

Социалдык тармактарда Милициянын кайгуул кызматынын кызматтык унаасынын үстүнө отуруп алган жарандын сүрөт, видеосу тарады. Окуя боюнча аталган кызматтан маалымат беришти.

Маалыматка караганда, «102» кызматына Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги мейманканалардын биринде мас жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, жол жээгине кызматтык унааны токтотуп, чакырууну тейлеп кирип кетишкен.

«Ошол учурда белгисиз эркек жаран кызматтык унаанын үстүнө отуруп, өзүн күзгүдөн карап, жосунсуз жоруктарды көрсөткөн. Азыркы учурда ал жаран изделип жатат. Жоопкерчилиги сөзсүз каралат», — дешти милициядан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button