Коом

Кыргызстанда кеме куруу боюнча курстар ачылышы мүмкүн

Кыргызстан менен Санкт-Петербург шаары кыргызстандыктар үчүн кеме куруу боюнча курс ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Улан Усеков билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун өкмөттөр аралык комиссиясынын XII жыйыны өтүүдө.

Санкт-Петербург шаарындагы «Эмгек ресурсунун борбору» аталышындагы мамлекеттик мекеменин директору Алексей Чистяков аталган калаадагы кыргызстандыктар жогорку квалификациялуу кызматтарды ээлей турганын белгиледи. Анын айтымында, КР жарандары негизинен кеме курулушунда, курулуш тармагындагы өнөр жай ишканаларында эмгектенишет.

Мындан кийин Усеков кыргызстандыктар үчүн курс ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button