Коом

Баткенде ата-энесинен ажыраган 60 балага акчалай жардам көрсөтүлдү

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кайрымдуулук иш-чарасы Орозо айынын урматына «Баткен-Ыйман-Нуру» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, ар бир балага 10 миң сомдон берилди.

«Ата-энесинен ажыраган балдарды камкордукка алуу жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү – биздин жалпы милдетибиз. Мындай соопчулук иштери үчүн фонддун жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз», – деди президенттин аймактагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков.

Тектеш кабарлар

Back to top button