Окуялар

Кара-Сууда күйөөсүн бычактап өлтүргөн аял камакка алынды. ФОТО

2021-жылдын 09-декабрь күнү саат 19:40 чамасында  Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну М. А өз үйүндө аялы  41 жаштагы С. Ж ашкана бычак менен сайып, натыйжада М.А алган жараатынан улам  ошол эле жерде каза болгон. Кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү аныкталып, маркумдун өмүрлүк жары кармалган.

Маалымат боюнча Кара-Суу РИИБдин жана райондук прокуратуранын жетекчилиги баш болгон  ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жайга барып текшерүү иштери жүргүзүлүп, төмөндөгүлөр аныкталган:

2021-жылдын 09-декабрь күнү болжол менен  саат 19:40 чамасында  Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын  Шарк айылынын  тургуну 1980-жылы төрөргөн С. Д (аял киши) жогорудагы даректеги  өзү жашаган  үйүнүн ичинде  өмүрлүк жолдошу 1964-жылы төрөлгөн  М. А менен бирге спирт ичимдиктерин ичип олтурушуп өз ара  пикир келишпестиктен улам С Д ошол эле  жерде  үйдүн ичинде турган  ашкана бычагын  колуна курал катары алып  М.А денесинин  көкүрөк тушуна  бир жолу сайып жиберген.

Натыйжада М.А денесинен  алган жараатынан  улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган  факты боюнча  Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн  кылмыштын белгилери менен кылмыш иши  козголуп, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, окуянын чоо жайын көргөн билгендер сурака алынып, каза болгон М.Анын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дыйындалды.

Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Кара-Суу райондук соту тарабынан 1 айга камакка алуу чечими кабыл алынган. Учурда тергөө иштери уланууда,- деп билдирди Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button